24.kg
08:45, 15 ноября 2019, 24.kg

Өлкөдө мамлекеттик ММКлар корпорацияга биригиши мүмкүн

Өкмөт мамлекеттик ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселесин кароодо. Максат — бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу.Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушу менен депутат Дастан Бекешов кайрылган.

«Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду «Пирамидага», «5-каналга» берип атасыңар. Кийинки жылда 10,5 миллион доллар кетет экен. Ошонун ичинде «Кабар» агенттигине 22 миллион сом, «ЭлТР», «МИР» телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен. Кыскартпайсыңарбы, ушуну!», — деди ал.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып, медиа-борбор катары түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, «Кабар», «5-канал» жана башка мамлекеттик ММКларды бир корпорация катары түзүү каралууда.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов июль айында мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу ниетинде экенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18