24.kg
15:28, 14 ноября 2019, 24.kg

Каттоо кызматы: Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр Кыргызстандын жарандары эмес

Стамбулда ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев жана Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди. 

Маалыматка ылайык, буга чейин шектүүлөр алдын ала суракта кыргызстандыкпыз деп жооп беришкен.

Эске салсак, Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18