24.kg
11:07, 14 ноября 2019, 24.kg

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 236 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (13.11.19-ж.) 236 бейтап кайрылды, алардын ичинен 164ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 95и ооруканага жаткырылган, алардын 80и жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 56 адам кайрылса, 36сы ооруканага жаткырылып, 20 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 37 адам кайрылган, алардын 15и ооруканага жайгаштырылды», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18