24.kg
10:21, 14 ноября 2019, 24.kg

Адам уурдаганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунда адам уурдаганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан маалымдашты. 

Photo 143510

Билдирүүгө таянсак, ушул жылдын февралында Жалал-Абадда белгисиз бирөөлөр 28 жаштагы Т.Ф.ны уурдап кетишкен. Кылмышка шектүүлөр аны Бишкекке алып келип, туугандарынан 20 миң доллар талап кылышкан.

«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуяга шектүү делип 2 киши кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун дагы 2 мүчөсүнүн тийиштиги бар экени аныкталды. Аларга издөө салынып, бирөөсү колго түштү», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18