24.kg
09:45, 14 ноября 2019, 24.kg

Атайын комиссия Стамбулдагы мурунку башкы консулдун ишмердүүлүгүн текшерет

ТИМдин демилгеси боюнча ведомство аралык жумушчу тобу түзүлүп, анын курамына Башкы прокуратура, УКМК жана ТИМдин өкулдөрү кирди. Алар Стамбулга учуп барып, мурунку башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшеришет. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты. 

Кечээ министр Чыңгыз Айдарбеков Эркин Сопоковдун дипломатиялык номурлуу унааны жеке автосалонго сатыкка берип, мыйзам бузгандыгын айткан. Министрлик 24.kg агенттигине кытайлык жаран Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөрдүн жарандыгы боюнча маалымат такталып жатканын билдиришти.

Эске салсак, Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18