24.kg
09:02, 14 ноября 2019, 24.kg

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизет

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын башынан бери Өзбекстандан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган.

Анын ичинде 10 жолу ууланган продукциялар келген. Аталган мекеме тараткан кабарга ылайык, акыркы жолу Өзбекстандан ташылып келген анардын ууланганы аныкталган.

Товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө «Grapholitha molesta Busck» вирусу менен ууланганы белгилүү болгон.

«Мындан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да «Достук» бекетинен өткөрүлгөн жок. Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциянын (курма, бий алма ж.б) фитосанитардык сертификаты жараксыз жана кутусунда этикеткасы жок экени такталган», — деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан ташып келүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Министрликтин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти кошуна өлкөнүн тийиштүү мекемесине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жатканы жөнүндө кат жөнөтүлдү.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18