24.kg
17:35, 13 ноября 2019, 24.kg

Текебаевдин иши. Мегакомду улутташтыруу демилгечиси Азимбек Бекназаров болгон

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылып жатат.

Отурумдун жүрүшүндө убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров суракка алынды.

«Декреттин демилгечиси (MegaComдун 49 пайызын улутташтыруу тууралуу убактылуу өкмөт) — башкы прокурор катары мен болчумун. Мен ал документтин үстүндөгү иштерди башкарып тургам. Биз убактылуу өкмөт маалында сунуш киргизгенбиз. Максатыбыз- 49 пайызды мамлекетте сактоо болгон. Ал кезде өкмөттө ал акцияларды сатууга кызыкдар кишилер бар болчу. Алгач кылмыш иши козголгон, кийин акциянын 100 пайызы камакка алынды», — деди Азимбек Бекназаров.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18