24.kg
17:04, 13 ноября 2019, 24.kg

Москвада издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Москвада кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Photo 143435

Маалыматка караганда, аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды кармашты. Нарын облусунун тургуну Б.К. алдамчылык боюнча шектелип Октябрь РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөн.

«Ал 2017-жылдын жазында чала тааныш адамдын ишенимине алдоо жолу менен кирип, «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган. Башында 90 күнгө автоунаасын ижарага алып, андан соң үчүнчү жакка сатып жиберип, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Болжол менен жабырлануучуга 280 миң сом өлчөмүндө чыгым келтирген», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18