24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА
15:25, 13 ноября 2019, 24.kg

Эртеңден баштап «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы башталат

Эртеңден тарта Бишкекте IV-республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы башталат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Карек» коомдук фондунун директору Толкун Дайырбекова билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн бардык аймактарындагы 10-17 жаш аралыгындагы жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түштү. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты делген тасмалар сыйлыктарын алышат.

Бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын «Карек» статуэткалары берилет.

Тасмалар төмөнкү номинациялар үчүн ат салышат:

«Мыкты көркөм тасма», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты анимациялык тасма», «Мыкты режиссер», «Мыкты оператор», «Мыкты сценарист», «Мыкты монтажер», «Мыкты актриса», «Мыкты актер», «Калыстардын атайын сыйлыгы», «БУУнун Балдар фондунун атайын ТУМАР сыйлыгы».

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18