24.kg
11:56, 13 ноября 2019, 24.kg

Тажикстан Кыргызстансыз эле чек ара маселесин бир тараптуу чечип жатат

Чек арадагы көйгөйлөрдүн өз маалында чечилбей калышы -коңшу өлкөнүн колуна салып берип ойнотулганындай. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Баткен жана Лейлек райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары билдиришти. 

Photo 143319

Алардын айтымында, коңшу Тажикстан Кыргызстансыз эле чек ара маселесин бир тараптуу өз пайдасына чечип жатат.

«Чек арага жакын жайгашкан район эли биздин чек арадагы өзгөрүүлөрдү байкап турат. Бишкектеги расмий бийликтин өкүлдөрү болсо эл менен жолугушуудан качып, «дежүр» кишилер менен гана чектелишет», — дешет депутаттар.

Алар демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабастан, тажик тарап дагы деле такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүп жаткандарын баса белгилешти.

Эске салсак, активисттер «Чек ара» коомдук уюмун түзүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18