24.kg
11:34, 13 ноября 2019, 24.kg

Өкмөт канча мигрант кыргыз паспортунан баш тартканын билбейт

Жогорку Кеңеште Душанбеде 2018-жылдын 28-сентябрында кол коюлган маалыматтык технологиялар тармагындагы кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча КМШ өлкөлөрүнүн байланышуу тууралуу келишими талкууланууда.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Орусияга иштөө үчүн кеткендер (алардын саны расмий маалыматка ылайык 700 миң) жана Орусиянын жарандыгын алгандардын канчасы кыргыз паспортунан баш тартты деген суроо берди. Аткаминерлер жооп бере алышкан жок.

Депутат Бактыбек Турусбеков чакырылгандардан «экстремизм эмне экенин жана аны кантип аныктоо керектигин билесиздерби?», — деп сурады. Буга дагы так жооп болгон жок.

«Биздин органдар «Бир дүйнө» укук коргоо борборун экстремисттик деп тааныган. Андан кийин сот болду. Мындан улам «экстремизм деген эмне, билесиздерби?» деп сурап жатам», — деди депутат.

Кыргызстандын түрмөлөрүндө экстремизм жана терроризмге айыпталган 434 киши кармалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18