24.kg
16:55, 12 ноября 2019, 24.kg

Салык кызматы Айыл чарба министрлигинин бир функциясын өзүнө алды

Салык кызматы мындан ары этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияны аткарат. Буга чейин бул милдетти Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аркалап келген.

Маалыматка ылайык, Салык кызматына чыгымдардын бардык беренелери жана материалдык-техникалык базасы боюнча тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 26 штаттык бирдик өткөрүлүп берилди.

Мындан ары Салык кызматы этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда каралган шарттардын сакталышын контролдойт; этил спиртинин өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн лицензиялайт, алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү же жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялайт; этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү же жүгүртүүнү ишке ашыруучу чарбакер субъекттерге текшерүү жүргүзөт; этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эсепке алууну жана отчетту уюштурат жана ишке ашырат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18