24.kg
14:29, 12 ноября 2019, 24.kg

Депутат: Окуучулар короодогу ажатканаларга барбашы керек

Бишкектин окуучулары сырттагы ажаткананы пайдаланып жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отурумунда депутат Сайдахмат Исмаилов билдирди.

Вице-мэр Татьяна Кузнецова билдиргендей, бул жылы 16 мектептин короосундагы жана ички ажатканалары капиталдык ремонттон өттү. Ага 23,4 миллион сом короду. Кийинки жылы дагы 24 жалпы билим берүү мекемелериндеги ажатканалар оңдолот.

Депутат мындай жоопко нааразы болду. Ал БШК 2018-жылдан бери мэрияга сырткы ажатканалары бар баардык мектептердин тизмесин түзүү тууралуу тапшырма бергенин эскертти.

«Биз мындай объекттерди башкы тизмеге киргизгиле дегенбиз, көрсө баары кирбептир да. Бул акыркы тизмеби же кийинки жылы дагы башкалары ортого чыгабы? Депутаттар маселени так коюшкан. Борбор шаар, 21-кылым, биздин балдар короодогу ажатканаларга барбашы керек. Биздин бюджет анча чоң эмес, бирок оңдоо иштерин жактырганбыз», — деди депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18