24.kg
14:25, 12 ноября 2019, 24.kg

Айэркен Сайматинин өлүмү Кыргызстандын Стамбулдагы консулун жумуштан кетирди

Photo 143230

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков жумуштан алынды. Бул боюнча буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, Түркияда уйгур тектүү Кытай жараны Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.

Саймаити өлгөн жерде анын уунасы табылган. Машинанын 34 CC 2902 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган.

Бирок, Тышкы иштер министрлиги эки күндөн бери бул маалыматты тактоо менен алек. Башкы консул Эркин Сопоков журналисттер менен байланыштан баш тартууда.

Эркин Сопоков 2017-жылдан бери Стамбулдагы консулдукту жетектейт. Ал эмгек жолун Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «Кыргызавтомаш» заводунда айдоочулуктан баштап, Салык тармагында эмгектенген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18