24.kg
11:16, 12 ноября 2019, 24.kg

Унааларга канжолдо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилди

Кыргызстанда унааларга канжолдо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу «Чон Казат» саясий партиясынын лидери Максат Мамытканов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул талап Жогорку Кеңештин комитетинде Жол кыймылынын эрежелерин бузууда салынган айыппулду азайтуу боюнча маселе каралып жатканда коюлган.

«Өкмөт жарандык активисттерден турган комиссия түзгөн, аны Курсан Асанов жетектеп келген. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында айыппулду азайтуу боюнча сунуш жиберилген. Мына алгачкы жыйынтык! Айыппулду азайтуу боюнча кийинки кадамдарды күтөбүз», — деп жазган ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18