24.kg
09:11, 12 ноября 2019, 24.kg

Түркия ИМ тобунун мүчөсү деп шектелген чет өлкөлүктөрдү депортациялай баштады

Түркия Сирияда туткунга түшкөн чет өлкөлүк жарандарды депортациялай баштады. Анкара алар «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү болгон деп болжолдоодо.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 11-ноябрда ИМ тобунун мүчөсү деп шектелген АКШнын жараны депортацияланганын билдирди. Мындан тышкары 14-ноябрда Германиянын жети жана Франциянын 11 жараны мекенине өткөрүлүп бериле турганы айтылды. Азырынча Европа өлкөлөрү Анкаранын бул чечимине карата кандай реакция кылганы белгисиз.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон буга чейин Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы жортуулда «Ислам мамлекети» террордук уюмунун 300дөй чет өлкөлүк мүчөсү кармалганын жарыялаган.

Андан сырткары түрк түрмөлөрүндө башка мамлекеттердин жихадчы деп айыпталган бир миңден ашуун жарандары отурат.

Эрдоган Европа мамлекеттерин «Ислам мамлекети» террордук уюмуна кошулуп кеткен жарандарынын тагдырына кайдыгер деп бир канча ирет айыптаган. АКШнын президенти Дональд Трамп дагы Европа өлкөлөрүн Сириядагы лагерлерде кармалып турган жарандарын алып кетүүгө чакырган.

Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулу маалында абактарда, лагерлерде кармалып турган жүздөгөн жоочу качып кеткени белгилүү болгон.

Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыраткан. Ошондуктан депортацияланган жарандарын кабыл алар-албасы алар баргандан кийин белгилүү болот.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18