24.kg
15:52, 11 ноября 2019, 24.kg

Тажикстанда быйыл 15-19 жаштагы миңге жакын кыз-келин аборт жасаткан

Быйыл Тажикстанда 14 миңге жакын аял, анын ичинде 15 жаштан 19 жашка чейинки курактагы миңге жакын кыз-келин аборт жасаткан.

Тажикстанда турмушка чыга элек кыздардын никесиз жыныстык катнашка баруусу уят деп эсептелгендиктен, ата-энелердин көбү кызынын кош бойлуу экенин жашырып, аборт жасатууга аракет кылышат.

Эксперттердин пикиринде, тажик аялдарынын аборт жасатуусуна экономикалык факторлор, күйөөлөрүнүн миграцияда жүргөндүгү жана турмуш-тиричиликтин начардыгы өндүү көрүнүштөр себеп болот. Бейрасмий маалыматтар боюнча өлкөдө бойдон алдыртуу учурлары кыйла көп экени айтылып келет.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, өлкөдө жогорку класстын окуучуларына биология жана анатомия сыяктуу милдеттүү сабактардан тышкары «Үй-бүлө маданияты» сабагынын алкагында репродуктивдүү саламаттык темасын окутуу каралган. Бирок эксперттер мектепте балдарга сексуалдык мамилелер жана аборт жасатуу тууралуу маалыматтар берилбей турганын билдиришүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасына ылайык, жыл сайын дүйнөдө 50 миллиондон ашык аборт жасалат. 

Тажикстандын 9 миллион калкынын жарымынан көбүн аялдар түзсө, алардын 2 миллиону репродуктивдүү куракта.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18