24.kg
15:21, 11 ноября 2019, 24.kg

Кырсыктан кийинки алгачкы сүрөт. Самат Курманкуловго «Эрдик» медалы тапшырылды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев азыркы учурда Москвада дарыланып жаткан Чүй ОИИББнын жетекчиси Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу журналист Мирбек Молдакунов Facebook баракчасына жазды.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Самат Курманкуловду коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлоо тууралуу жарлык чыгарган.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алып, комага түшүп калган. Учурда ал Москвадагы ооруканалардын биринде дарылануусун улантып, абалы жакшырганы айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18