24.kg
11:07, 11 ноября 2019, 24.kg

Кечирим сурашсын. Шоу-бизнес жылдыздары журналисттерге нараазы

Анжелика Кайратова «Супер-инфо» гезитине маалымат бербегенин айтып, анын Super.kgге берген видео комментарии бурмаланып чыкканын жарыялады.

Ал гезиттин «Жүрөгүм бош эмес, жигитим колумду сурады» темасындагы билдирүүсүнө нараазы.

«Жигитим деп айткан эмесмин. Жүрөгүм бош эмес экени туура. Бирок, жигит жандап жүрө турган куракта эмесмин. Менин уруксатымсыз мен жөнүндө калп маалымат таратканы токтоткула», — дейт Анжелика. Анжеликаны бул билдирүүсүн айрым шоу-бизнес өкүлдөрү колдоого алышты.

«Анжелика, сага толук кошулам! 7 жыл мурун булар менден алган интервьюну да бурмалап чыгарышкан. Бир кечирим сурашкан жок. Ошондон бери, булар менен мамилем жок», — деп жазды ырчы Самат Дөөлөтбаков.

«Супер инфону биринчи көрүп жатасыңбы?», — дейт Асыл Апасова.

Анжелика өзү учурда кыздары менен Мальдива аралында эс алып жүрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18