24.kg
10:51, 11 ноября 2019, 24.kg

Төкмө акын Майра Керим кызынын уулу жол кырсыгында каза тапты

Балыкчы-Кочкор унаа жолундагы кырсык төрт кишинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу каза болгондордун жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, көз жумгандардын арасында төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу бар.

Алдын ала маалыматка ылайык, тайгак жолдо унаанын тормозу иштебей калып, жолдун четине чыгып кеткен. Унаанын ичинде Кубатбек аттуу ырчы, Акжолтой Канат уулу, анын келинчеги жана дагы бир өздүгү тактала элек киши болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат такталып жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18