24.kg
10:44, 11 ноября 2019, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Жабырлануучу айыпталуучулардын суроосуна жооп бере албады

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулар «Электрдик станциялар» ААКнын өкүлүнө суроо беришти. Бирок жабырлануучу алардын суроосуна так жооп бере алган жок. Ал даярдык үчүн убакыт сурады.

Маалыматка караганда, ААКнын өкүлү ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу качан башталганын билбейт.

Айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев нааразы болду. Анын айтымында, жабырлануучулардын өкүлдөрү 11 айдан бери даярданып жатышат, андыктан баарын жатка билиши керек.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18