24.kg
10:38, 11 ноября 2019, 24.kg

Түркияда Матраимовдор менен байланышта болгон ишкерди атып кетишти

Түркияда Кытай жараны Айэркен Саймаити атып кетишти. Бул тууралуу түрк ЖМК маалымдашты.

Алардын билдирүүсүндө, Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумду.

Белгилей кетсек, Айэркен Саймаити Кыргызстанда дагы иш жүргүзгөн уйгур ишкерлеринен. Анын ысмы «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» иликтөөсүндө аты аталган. Анда Айэркен Саймаитинин Матраимовдор менен байланышы айтылып, «Исмаил Ата» фондуна акча которгону белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18