24.kg
09:34, 11 ноября 2019, 24.kg

Көчөлөрдүн бирине Бакиевдин ысымын берүү тууралуу токтом жокко чыгарылат

Жалал-Абад облусуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине качкын президент Курманбек Бакиевдин ысымын берүү тууралуу токтом жокко чыгарылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, көчөнүн аталышы тууралуу документти айылдык кеңештин депутаттары кабыл алышкан.

«Токтомду мыйзамсыз кабыл алышкан. Аны жокко чыгарышат. Көчөнүн атын Курманбек Бакиев деп коюу тууралуу маалыматты облустук жана райондук администрация билген эмес. Буга жол бергендер жоопко тартылат», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Эске салсак, 9-ноябрда соцтармактарда Курманбек Бакиев атындагы көчө деп жазылган стенддин сүрөтү таркаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18