24.kg
09:15, 11 ноября 2019, 24.kg

Кой-Таштагы аскер бөлүктө офицер асынып алды

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады.

Анын маалыматына караганда, окуя бүгүн, 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон. «Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн денесин таптык. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Андан тышкары биз да өзүбүз иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди Жарашева.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18