24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА
11:00, 07 ноября 2019, 24.kg

Журналистикадан шоу — бизнес, саясат, спортко карай жол

Бүгүн 7-ноябрь- Кыргызстанда улуттук басма сөз жана маалымат күнү белгиленүүдө. 1924-жылдын ушул күнүндө алгачкы улуттук «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи саны жарыкка чыккан.

24.kg агенттиги журналисттик кесипти аяктап, бирок ар кыл тармактарда иштеп жаткан айрым атактууларды тизмектеди.

Казак ырчысы Ерке Есмахандын ыры менен элге таанылган Гүлназ Чыныбек кызынын кесиби журналист экенин билчү белеңиз? Ал 24.kg агенттигине берген маегинде ырчылыкты токтотпой эле эки кесипти бирдей аркаласам деген ниети бар экенин билдирген. Буга чейин ал жергиликтүү ЖМКда алып баруучу болуп иштегени маалым. Бирок, акыркы кездерде ал сахнага басым жасап, ырдап жүрөт.

Photo 142821

«Назик» бийчилер тобунун уюшулганына быйыл туура 20 жыл болду. Топтун аткаруучу директору Гүлжан Исраилованын өз кесиби журналист. Ал 2007-жылы Кыргыз Улуттук университетин аяктаган соң бийдин аркасына түшкөн.

Photo 142819

«Чыгармачылык чөйрөдө ар бир күнүбүз кызыктуу. Бийдин өзүнө таандык касиети бар. Мисалы, ооруп калганда же маанай жокто сахнага чыктың дегиче ооруңду унутасың», — дейт бийчи айым.

«Чебер жылдыз» наамына татыган Нүргүл Артыкбаева 8 жылдан бери дизайнерликти аркалап, жүндөн жана жибектен тигиши жок кийимдерди жасайт. Ал Жусуп Баласагын атындагы университеттин Кыргыз филология жана журналистика факультетине тапшырып, аспирантураны да окуган. КТРКда, мамлекеттик органдарда пресс-катчы болуп, гезит, теле, долбоордук мекемелерде да кызмат кылып, кийин кол өнөрчүлүккө баш отум менен киришип кетти.

Photo 142822

Мирлан Абдыкалыков 1999-2004-жылдар аралыгында Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Ал тасма тармагында актер катары гана таанылбай, тасма тартуу менен алек. Актер «Селкинчек», «Бешкемпир», «Маймыл» тасмаларында роль жараткан.

Photo 142825

 
Кыз бурак тобунан чыккан Кенже Дүйшеева дагы журналистика чөйрөсүндө билим алган. Учурда ал сахнаны багындырып, атактуу ырчылардын катарында. Анын жигиттерден турган «Жебе» тобун негиздегенин белгилей кетпесе болбойт. Ырчынын аткаруусундагы «Аялзат», «Алма гүлү», «Келчи, жаным» аттуу чыгармалары көпчүлүк тарабынан жакшы кабыл алынган.
Photo 142823

Кыргызстанда алгачкы жолу мюзикл жанрында тартылган «Дарак ыры» тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбековдун өз кесиби журналист. Ал тасма талаасына аралашкандан бери «Кыргыз киносу» кинотеатрын негиздеген. Мындан тышкары «Ак Илбирс» Кыргыз Улуттук кинопремиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары таанымал. Айбек Дайырбековдун режиссерлук кылган тасмаларынын катарында «Тез жардам» (Казакстан, сериал), «Жаным» (Казакстан, сериал), «Ай бала», «Жээк» жана башкалар бар. 

Photo 143068

«Дея», «Уста» бий ансамблинин жетекчиси Наргиза Хажиева дагы журналистика тармагынан билим алып чыккан. Учурда бийчилери менен дүйнөнүн булуң бурчуна кыргыз маданиятын жайылтып келе жатат. 

Photo 143069

Журналисттик кесипке окуп жаткан Аяна Кадырбекованын жаа атуу өнөрүн аркалаганына 4 жыл болот. Ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Манас оюнунан тышкары Сауд Арабиясында жыл сайын өтүүчү «Сamel Fest» фестивалына катышып келген. Жаачы айым болчокто өз кесибинин аркасы менен кетеби же салттуу өнөрдү аркалайбы, убакыт көргөзөт.

Photo 142820

Журналистика — саясатка түз жол. Бул кесиптин артынан Жогорку Кеңешке депутат, өкмөткө министр болгондор көп. Мисалы, парламенттин депутаттары Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Жылдыз Мусабекова ЖМКда эмгектенишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18