24.kg
16:09, 06 ноября 2019, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Айбек Калиев ТВЕАнын өкүлү менен жүздөштүрүлбөгөндүгүн айтты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди суракка алды. Ал тергөө маалында ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелек менен жүздөштүрүлбөгөндүгүн айтты.

«Мусажан Макелек менен биздин ортобузда кандай туруктуу байланыш болгондугун аныкташы керек. Бул үчүн аны менен бетме-бет кездештириш керек эле», — деди Айбек Калиев.

Эске салсак, буга чейин сотто Айбек Калиев Мусажан Макелектен 10 миң долларга унаа сатып алып, аны башка адамга каттатып койгондугу айтылган. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы жактоочусуна эч кандай материалдык баалуу нерселерди албагандыгын билдирген. «19 миллион сом өлчөмүндө мүлктү камакка алышты. Бирок анын арасында менин эч нерсем, ал тургай пиджактын топчусу дагы жок», -деп жооп берген ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18