24.kg
15:10, 06 ноября 2019, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Айбек Калиев сурак берди

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди суракка алды.

Ал Бишкек ЖЭБди пайдаланууну шашылыш түрдө киргизүү айыбын четке какты.

«Бул үчүн Мамлекеттик техникалык инспекциядан корутунду алынган. Бир дагы объект алардын уруксаты жок ишке кирбейт. Мени кимдир-бирөөгө басым жасап, шаштырды деген айыптоолор жалган. Эч кандай шашылыш график болгон эмес», — деди Айбек Калиев. 

Ал эгер айып логикасына таяна турган болсок, жылуулук борбору жабылышы керек болчу дейт.

«Эртең ЖЭБдин эски бөлүгү сынбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал жакта жабдыктар эскирген. Азыр баары отуруп алып жаңы кытайлык ЖЭБге сыйынышууда. Эмне үчүн азыркыга чейин ЖЭБдин ишин токтотуп, аны жаап салышкан жок. Бул материалдык далил да», — деди Айбек Калиев.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18