24.kg
14:48, 06 ноября 2019, 24.kg

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталды

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Электрондук нотариус» — иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын жүктөмүн азайтууга, алардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган.

Электрондук нотариус модели нотариустардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Кошумчалай кетсек, аны толук кандуу киргизүү үчүн Юстиция министрлигине 7,3 миллион сом бөлүнгөн. 20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде ишке киргизилген. Учурда толук кандуу жана комплекстүү иштөөсү үчүн системаны тууралоо жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18