24.kg
12:00, 06 ноября 2019, 24.kg

Дамирбек Асылбек уулунун иши. Өкүм күчүндө калтырылды

Алматынын аппелляциялык соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карап чыкты. Өкүм күчүндө калтырылды. Ал «трансулуттук уюшкан топту түзүү жана башкаруу» жана «экономикалык аткезчилик» боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

ЖМКнын маалыматына ылайык, сот мурунку депутаттын жактоочусунун арызын канааттандырган жок.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулардын аракетинин жыйынтыгында Казакстандын мамлекеттик казынасы 99 миллион тенге чогулта албай калган.

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулу менен бирге Казакстандын дагы 2 жараны- 39 жаштагы Уланбек Мурадилов жана 34 жаштагы Чыңгыз Абакиров айыпталууда. Сот аларды кылмыштуу топко катыштыгы бар деп күнөөлөгөн.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны — Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шек санаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18