24.kg
09:55, 06 ноября 2019, 24.kg

Азиз Турсунбаев журналист Айзирек Иманалиевадан кечирим суроого даяр

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев Kloop.kg басылмасынын журналисти Айзирек Иманалиевадан кечирим суроого даяр. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Депутаттын айтымында, ал журналистти капа кылууну каалаган эмес. «Ал менин карындашымдай эле. Мен ага орой мамиле кылгандай болгон жокмун. Иш мындай болду: ал мени кабылдамада күтүп туруптур, мен бир жакка кетип келип жүрдүм, мага келгендер да болду... Мен иш бөлмөдөн чыкканда жаныма келип саламдашпай, өзүн тааныштырбай жер аянты тууралуу суроо берди. Мен ага «Ой, күтө тургулачы, анан» деп айтып кетип калгам. Эгер бул орой угулган болсо жана жаман сөз айткан болсом анда кечрим сураймын. Анын алдында кечирим суроого даярмын», — деди депутат.

Ал 2005-жылдан бери «Ататүрк» паркында жер аянты жок экенин айтып, текшерсеңер да болот деди.

Эске салсак, «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев Kloop.kg басылмасынын журналистине «Барчы ары» деп орой жооп берди деп, нын бул кылыгы соцтармакта нааразычылыктарды жаратты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18