24.kg
14:48, 05 ноября 2019, 24.kg

Кыргызстанда 8-ноябрдан тарта күн жылый баштайт

Кыргызстанда 8-ноябрдан тарта күн жылый баштайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болушу күтүлөт.

Борбор калаада түнкүсүн 0...2, күндүзү 8...10 градус жылуу болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүзү 10...12 градуска чейин жылыйт.

10-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектерине туман түшүп, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18