24.kg
13:39, 05 ноября 2019, 24.kg

Лейлекте болгон жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн кыйды

Кечээ Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Шор-Кудук аймагында болгон кырсык 2 адамдын өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Андархам айылынын 55 жаштагы тургуну «Дэу Ланос» үлгүсүндөгү унаа менен келе жатып «Тойота Авенсис» унаасы менен кагышкан. Кесепетинен 2 унаанын айдоочусу жаракат алып, «Дэу Ланосто» келе жаткан 58 жаштагы М.М. менен 49 жаштагы Х.М. окуя болгон жерде каза болду.

Ал эми «Тойота Авенсистеги» тажикстандык 5 киши жаракат алып, Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18