24.kg
12:11, 05 ноября 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө жана абакта олтурууга даяр

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Алфия Саммигулина УКМКнын абагында жолугушту. Бул тууралуу Ирина Карамушкина маалымдады.

Анын билдирүүсүндө, Алмазбек Атамбаев көп убакытын китеп окуу менен өткөрүүдө.

«Андан тышкары спорт залга барып жатат экен. 63 жашта эркек киши формада болушу керектигин акыры түшүнүптүр», — дейт депутат.

Ирина Карамушкинанын сөзүнө караганда, Алмазбек Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даярдыгын билдирген.

«Ал күнөөсүн далилдесе түрмөдө баары үчүн өзү олтурууга даяр. Бирок, башка балдарды чыгарыш керек. Сөз аягында Жээнбековдорду кечирүүгө даярдыгын айтты», — дейт Карамушкина.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18