24.kg
11:53, 05 ноября 2019, 24.kg

Ысык-Көл облусунда унаа айдап качуу боюнча эки фактынын бети ачылды

Ысык-Көл облусунда унаа айдап качуу боюнча эки фактынын бети ачылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Каракол ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө эки тургун кайрылып, унааларын белгисиз бирөөлөр айдап качып кетишкенин билдиришкен.

С.Д., аттуу арыз ээсинин айтымында, белгисиз адамдар «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаасын Кыдыр-Аке көчөсүндө турган жеринен айдап кетишкен. М.Ш., аттуу дагы бир арыз ээси саат 02:00 чамасында белгисиз бирөөлөр Орозбеков көчөсүндөгү гаражда турган «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкенин билдирген.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. «Ниссан Тиррано» унаасы Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылындагы талаадан, «Ауди 80» унаасы Каракол шаарынын четинен табылды.




Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18