24.kg
10:38, 05 ноября 2019, 24.kg

Улуттук банк коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарат. «Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» монеталарынын бет ачары өттү.

Улуттук банкт монеталарды кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарууда.

Photo 142506

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө «Кыргыз кумурасы / Kyrgyz vase» жазуусу орун алган. Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген.

Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргыз Республикасынын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу берилген. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө желбирөөчтү тагынган кыздын образы түзөт. Монетанын сол тарабында орун алган «Улуу кыргыз каганаты» орхон-енисей рун тамгалары менен жазылган.

Photo 142507

Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт.

Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18