24.kg
16:22, 04 ноября 2019, 24.kg

Унаанын алдында калып каза болгон баланын сөөгүн жакындарына бербей жатышат

Унаанын алдында калып каза болгон 3 жашар баланын сөөгүн жакындарына бербей жатышат. Бул тууралуу каза болгон наристенин эжеси Мээрим Борошевага 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, баланын атасы- дин жолунда жүрөт. Ал баланын сөөгүн союуга каршы, мындан улам үй-бүлө анын сөөгүн алып кетүү ниетинде. "Биз бир күндөн бери инстанциялар боюнча жүрөбүз. Прокуратурада болдук, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына да бардык, азыр эми ШИИББга келдик. Бирок бизге баланын сөөгүн кантип алып кете турганыбызды эч ким айта элек. Бир мекемеден экинчи мекемеге түртө салып атышат", - деди Мээрим Борошева. 

Эске салсак, кырсык кечээ болгон. «Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын артты көздөй айдаганда 3 жашар баланы байкабай тебелетип алган. Наристе ооруканадан каза болду.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18