24.kg
15:17, 04 ноября 2019, 24.kg

Кыргызстандын борборуна Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү сунушталды

Кыргызстанда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар уланууда. Бүгүн Нарында ишмердин эстелиги ачылды. Ал эми Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Анда эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов Турдакун Усубалиевдин юбилейи мамлекеттик деңгээлде уюштурулбай жатканына нааразы болду. 

Photo 142441

«Кайсыл бир көчөгө Усубалиевдин ысымын бербей, баш калааны анын урматына атасак болбойбу», — деп суроо салды ал.

Эске салсак, Биринчи катчынын ысымын ыйгаруу алгачкы жолу сунушталган жок. Буга чейин Жогорку Кеңеште анын урматына Киев көчөсүн атоо сунушталган. Бирок, Турдакун Усубалиев атындагы фонд буга каршы чыккан.

Мындан тышкары Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылган. Ошондой эле Эски аянтка жана Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18