24.kg
13:44, 04 ноября 2019, 24.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту

Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жана атайын кызматтары жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев жетектеп барган. Жыйынга Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов да катышты.

Тараптар эки мамлекеттин чек арага жакын аймактарында коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле экстремизм менен терроризмге каршы күрөштө мекеме аралык кызматташтыкты чыңдап, ар кандай иш-чараларды биргелешип өткөрүп турууну сүйлөштү.

Мындан сырткары Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелерин аныктоо жана тактоо маселесине келгенде өкмөт аралык комиссиянын ишине жардам берип, көмөктөшүү жөнүндө сөз болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18