24.kg
11:25, 04 ноября 2019, 24.kg

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо боюнча иштер аяктады

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо боюнча иштер аяктады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Нарын облусунда жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышуу маалында айтылды.

Photo 142399

 

Маалыматка ылайык, жүктү кароо үчүн жаңы орнотулган стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс Бажы кызматынын ишин ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөт

 

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча «Жол картаны» жүзөгө ашыруунун алкагында, Россия тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдууга 120 миллион доллар бөлгөн. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев учурда модернизациялоо иштери аягына чыкканын жана жаңы жабдуулар ишке даяр экенин айтты.

«Орнотулган системаны ноябрь айынын аягында ишке берүү пландалды. Учурда ар бир өлкө рыноктогу орун үчүн күрөшүүдө. Бул кадыресе эле  көрүнүш. Жүк ташуучулар алып келген жүктү текшерүү системасын жакшыртуу маанилүү милдеттердин бири. Биздин өлкөнүн ЕАЭБдин стандарттарына жооп берген заманбап текшерүү системасына өтүүсү,  бул бизнес үчүн  тиешелүү шарттарды түзүп жатканыбызды айтып турат», – деп белгиледи өкмөт башчы.   

Photo 142400

 

Маалыматтык система 2013-жылдан бери өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жатат. 2014-жылдын январь айынан бери товарларды декларациялоо электрондук ыкма менен гана жүргүзүлүүдө. Учурда ЕАЭБке мүчө-өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосунда бажы транзитин көзөмөлдөө, мүчө-өлкөлөрдүн аймагынан товарларды чыгарып кетүүнү ырастоо, транспорт каражаттарын убактылуу алып келүү/ташып келүүнү каттоо жана көзөмөлдөө боюнча маалымат алмашуу ишке ашырылууда.  

Бүгүнкү күнү учурдагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда «Эркештам» өткөрмө жайынын ачылышы болот.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18