24.kg
09:50, 04 ноября 2019, 24.kg

Адам өлүмүнө шектүү жаран 20 жылга эркинен ажыратылды

Свердлов райондук соту адам өлүмүнө шектүү жаранды 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу каза болгон аялдын таанышы болгон. Алар спирт ичимдигин ичишкен, андан кийин шектүү аялды бир канча жолу зордуктап, Чоң Чүй каналына чөктүрүп жиберген.

«Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Айтымында, окуя болгон күнү ал эс алуу багындагы жумушта болгон. Каза болгон аял бетон плитанын үстүндө уктап жаткан, ойгонгондон кийин үйүндөгү көйгөлөр тууралуу айтып берген. Шектүү чынында эле аны менен тааныш болгонун, бир-эки жолу спирт ичимдигин ичишкенин айтты. Ошондой эле Чоң Чүй каналына түшкөндөрүн, аял чөгүп кеткенин кошумчалады», — деп айтылат өкүмдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18