24.kg
08:51, 04 ноября 2019, 24.kg

Өзбекстанда үлпөт тойлорду бир сценарий менен өткөрүү сунушталды

Өзбекстандын маданият министринин орун басары Камола Акилова үлпөт тойлор менен салтанаттар үчүн стандарттык сценарий иштеп чыгууну сунуштады.Анын айтымында, Маданият министрлиги «Өзбекконцерт» ишканасы менен биргеликте үлпөт тойлорду өткөрүү эрежелерин иштеп чыга баштады.

«Эң башкысы тарыхый жана улуттук баалуулуктар сакталышы керек. Ошол эле маалда сценарийде заманбап көз караштар болушу зарыл, — деди Акилова.

Быйыл сентябрда өлкө парламенти «Үлпөт тойлорду, мааракелик салтанаттарды жана үй-бүлөлүк той-аштарды өткөрүү тартиптери тууралуу» жобо кабыл алган.

Ага ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттарды бир гана күн — таңкы саат алтыдан түнкү 11ге чейин өткөрүүгө уруксат берилет. Бул эреже маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына тиешелүү болбойт.

Документте үй-бүлөлүк иш-чараларга 200гө чейин, үлпөт тойлорго 250гө жана ага байланышкан кулинардык салтанаттарга 300гө чейин адам катыша ала тургандыгы көрсөтүлгөн.

Жободо белгиленгендей, үлпөт той жана майрамдык салтанаттардын уюштуруучулары бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир жума эрте маалымат бериши керек болот. 2020-жылдын 1-январында күчүнө кире турган бул тартиптерди бузуу үчүн 230-1170 доллар өлчөмүндө айып пул каралышы мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18