24.kg
12:30, 03 ноября 2019, 24.kg

Кино анонс. Каникулда балдарды алып бара турган тасмалар

Мектепте эс алуу жарыяланып, балдар каникулга чыгышты. Эмки жумада 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата эс алуу болот. Ата-энелерге балдары менен убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

24.kg агенттиги Бишкек шаарындагы кинотеатрларындагы балдар менен көрүүгө боло турган кинотасмалардын тизмектейт.

«Адамстардын үй-бүлөсү»

«Адамстардын үй-бүлөсү» — популярдуу комикстердин негизинде тартылган тасма. Бул үй-бүлөдө кара кийингенди, балдары мүрзөдө ойногонду жактырышат. Чоң апасы уктаар алдында 1-2 тамчы уу ичип алат.

Photo 142193

Тасма 8.30дан тарта көрсөтүлөт, баасы — 100-200 сом.

«Напарниктер 2»

«Бир тууганчик» тасмасынын каармандары эми чогуу «Напарниктер 2де». Жеңиш Майрамбек уулу барган жеринде баарын чаташтырган Белектин, Бакыт Осмонканов тажрыйбалуу жана мыкты опер кызматкеринин ролун аткарат.

Photo 142194

«Робо»

«Робо» үй-бүлөлүк драма, фантастика. Мында 12 жашар Митя Привалов баатырлар тууралуу комикс жазганды жактырат. Бирок, ата-энеси баласына өздөрүнүн кесибин ыйгарып, робототехника боюнча инженер кылууну каалашат. Митя робот Робо менен достошуп, жакын адамына айланат. Экөөнү кызыктуу окуялар күтөт.
Photo 142195

«Жөө күлүк»
 
Мирлан Абдыкалыковдын «Жөө күлүк» тасмасы эл аралык сыйлыктарды багындырууда. Бул социалдык драма Бишкек кинотеатрларында дагы сунушталат. Аны «Синематика» тармагынан көрүүгө болот.
 
Айылдык бала Жекшен жаштыгына карабай чоңдордун маселесин чечүүгө аргасыз. Ал курдаштарынан күлүктүгү менен айырмаланып, мектептеги жарыштарда, тушоо тойлордо дайым байгеге ээ болуп келет.
Тасма достук, адамгерчилик сыяктуу сапаттарга көңүл бөлөт.
Photo 142200

 
«Жусуп Абдырахманов»
 
Ал эми уулурак курактагы балдар менен мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахманов тууралуу белгилүү режиссер Эрнист Абдыжапаровдун киносун көрүүгө болот. Тасмада Сталин репрессиясынын курмандыгы болгон ишмердин турмуш жолу сүрөттөлөт.
 
Тасмада тарыхый окуялар сүрөттөлгөндүктөн балдар маалымат да ала алат.
Photo 142205

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18