24.kg
14:34, 01 ноября 2019, 24.kg

Тажикстандын чек арачылары кармаган жаран кыргызстанга өткөрүлдү

Чек ара режимин бузгандыгы үчүн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган Баткен районунун тургуну Асылбек Каримов Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Асылбек Каримовду мекенине кайтарып берүү үчүн Кыргызстандын чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү тажик тарап менен сүйлөштү.

«Менин бир тууганымды катуу сабап, кыйнашкан», — деп билдирди жабырлануучунун тууганы.

Эске салсак, Асылбек Каримов 24-октябрда коңшу тараптын Чарко базарына кетип кайра кайтып келген эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18