24.kg
11:42, 01 ноября 2019, 24.kg

Баткен облусунда оорукана 2001-жылдан бери курулуп бүтө элек

Баткен облусунда оорукана 2001-жылдан бери курулуп бүтө элек. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул жылы курулуш иштери аяктайт. Депутат Наталья Никитенко объект факт түрүндө бузулуп калса, кантип бул жылы курулушу бүтөт деп сурады. Мамлекеттик курулуш агенттигинин өкүлдөрү жооп бере алышкан жок.

«Сиздерде куруу системаңар жок. Бизде 10 жылдап курулган имараттар бар. Сиздер каражатты кантип коротосуздар? Акча жетишпей жатканын түшүнүп турам, бирок конкреттүү план болуш керек да», — деди депутат.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева курулуш иштерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эсептен 1,5 миллиард сом каралганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18