24.kg
11:16, 01 ноября 2019, 24.kg

Журналист: Депутаттарга бөлүнгөн миллиарддарды балдардын билимине жумшасак

Президент Сооронбай Жээнбековдун эртең «Ала-Арча» резиденциясында медиа жетекчилери менен жолугушуусуна катыша албаган журналисттер суроосун социалдык тармак аркылуу узатууда.

Журналист Алтынай Арстанбекова өлкө башчысына эки сунуш жолдойт. Анын бири балдар укугуна көңүл бөлүү.

«Күн сайын бөбөк наристелер сабалды, зордукталды деп жаңылыктардан окуп, угуп, көрүп жатабыз. Үрөй учурган окуяларды окуп алып мен мамлекет жетекчилиги өлкөбүздүн келечеги болгон балдарыбызды ур-тепки, зөөкүрлүктөн коргоп калат деген үмүттө элем. Тилекке каршы андай болбоду. Сабалып зордукталган бөбөктөрүбүздү коргоп, балдардын укугунун сакчысында турган атайын кызматты (уполномоченный по правам ребенка) түзгөндүн ордуна бизнес-омбудсмен пайда болду», — дейт журналист.

Алтынай Арстанбекова мектептеги акча чогултуу көйгөйүнө олуттуу кароого чакырат. Ал билим берүү тармагынын сапатын жакшыртып, ар бир баланын татыктуу жана бекер билим алуусуна шарт түзүү зарылдыгын белгилейт.

«Мамлекетке жана элге пайда алып келе албаган, бийликке гана керектүү мыйзамдарды кабыл алган чөнтөк парламенттин депутаттарына жыл сайын миллиарддаган акча сарпталат экен. Мындай оома, саткын парламенттин элге кереги жок. Депутаттарга бөлүнгөн миллиарддарды балдарыбыздын билимине жумшасак кантет?», — дейт Алтынай Арстанбекова.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков менен журналисттердин алгачкы ачык сүйлөшүүсү былтыр март айында болгон. Ошондо мамлекет башчы ЖМК өкүлдөрүнө каалаган суроолорду берүүгө боло турганын айткан. Алгачкы ачык сүйлөшүүгө 40 журналист катышкан. Экинчи жолугушуунун форматы өзгөрбөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18