24.kg
10:47, 01 ноября 2019, 24.kg

Авариялык абалдагы мектептердин ремонтуна 70 миллион долллар талап кылынат

Араб өнүктүрүү фонду Бишкек жана Сокулукка мектептердин курулушу үчүн 30 миллион доллар бөлүп берди. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов өлкөдө толугу менен курула элек канча мектеп жана бала бакча бар деп кызыкты. Маалыматка таянсак, 261 социалдык объекттин курулушу токтоп турат. 2000-жылдан бери 403 имарат узак мөөнөттү курулуш разрядына өткөн. Аларды аяктоого каражат жок.

Аткаминерлердин айтымында, авариялык абалдагы мектептердин ремонтуна 70 миллион долллар талап кылынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18