24.kg
09:48, 01 ноября 2019, 24.kg

Чек арадагы элдин демилгеси менен «Чек ара» коомдук бирикмесин түзүлдү

Баткен облусунун депутаттары «Чек ара» коомдук бирикмесин түзүштү. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине билдирди.

Коомдук бирикме аталган облустун коңшу өлкөлөр менен чек арасын аныктоо иштерин көзөмөлдөп, чек арага жакын айылдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү багытында иш алып бармакчы.

«Чек ара маселесине олуттуу кароо керек. Биздин сунуштар, пикирлер көз жаздымда калууда. Андыктан расмий топ түзүп иш алып баралы деп чечтик», — дейт жергиликтүү кеңештин депутаттары.

Лейлек районунун депутаттары президентке, премьер-министр жана Жогорку Кеңшке 12 сунуш менен кайрылуу жолдошкон. Ага 85 жергиликтүү депутат кол койгон. Бирок, алардын кайрылуусуна азыр эч кандай жооп жок. Райондун депутаттары өлкө жетекчилеринин кабыл алуусун да күтүүдө.

Кечээ Лейлек районуну жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов менен депутат Таабалды Тиллаев кабыл алды. Жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунуштар талкууланды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18