24.kg
09:25, 01 ноября 2019, 24.kg

Азимбек Бекназаров 24-ноябрда элди эски аянтка чогултат

Убактылуу өкмөттүн Азимбек Бекназаров 24-ноябрда Бишкек шаарындагы эски аянтта элдик талкуу өткөрөт. Бул тууралуу Элдик курултайдын аткаруу комитети билдирди.

Элдик талкууга өкмөт мүчөлөрү жана парламент чакырылат. Анда элдик курултайдын референдум өткөрүү боюнча 10 миң кол топтоп Жогорку Кеңешке сунуштаган мыйзам долбоорунун каралышы кечеңдеп жатканы каралат.

«10 миңден ашык шайлоочулардын демилгелеген мыйзам долбоору 4 айдан бери Жогорку Кеңеште каралмак тургай, айтылбай дагы жатат», — дейт уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, Элдик курултай референдумга Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Элдин тандоосуна башкаруу формасы, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо түрү, президенттен тартып, айыл өкмѳт башчысына чейин, ар жылдык аткарган иши боюнча жыл сайын Курултайга отчет берүүсү боюнча суроолор коюлат.

24-ноябрда өкмөттөн Таластагы Жерүй кени жана башка кен байлыктар боюнча жарандык коомдун талаптарына жообу дагы суралмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18