24.kg
09:09, 01 ноября 2019, 24.kg

Сейит Атамбаев: Ишканамды тартып алууга аракет кылып жатышат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смитке кайрылып, анын ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын билдирди. Мындай аракетти ал Атамбаевдин уулу болгону үчүн саясий куугунтук деп баалап жатат.

«Биздин компания ири ишканаларга электр энергиясын ташып келүү менен гана алектенет. Эч убакта тендерлерге катышкан эмес, мамлекеттик иштерге аралашпай, саясий партияларды, кыймылдарды же талапкерлерди каржылаган эмес», — деп билдирди ишкер.

Сейит Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына «ишкерлерге бут тосууну токтотуш керек» деген талап койгону менен иш жүзүндө тескери саясат жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ Сейит Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» ишканасында тинтүү жүрдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18