24.kg
17:55, 31 октября 2019, 24.kg

Салык кызматы бюджетке 3 миллиард 740 миллион сом төктү

Мамлекеттик салык кызматы 9 айда салык карыздарын мажбурлап өндүрүү боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 3 миллиард 740 миллион сом өндүрдү. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 51,1 миллион сомго көп. Мындай маалыматты аталган кызматтан билдиришти.

Салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, салык төлөөчүлөргө тапшырылган 7 миллиард 609,3 миллион сом суммасындагы 79 миң 184 чечимдин ичинен 56 миң 123 чечим боюнча 2 миллиард 623,6 миллион сом өндүрүлгөн.

Мындан сырткары, салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине 2 миллиард 499,4 миллион сом суммасына 2 миң 682 салыктык төлөм талаптары коюлган. Алардын ичинен 495,6 миллион сому өндүрүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18